Жалал-Абад шаарынын Чынгыз Айтматов атындагы аймактык башкаруусунда 150 орунга ылайыкталган эки кабаттуу бала бакча курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бала бакчанын сметалык баасы 97 млн. сомду түзөт.
Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд. сом каражаттын эсебинен каржыланууда.
Белгилей кетсек, учурда Жалал-Абад шаарында 26 муниципалдык бала бакча бар.