Жалал-Абад облусунун Сузак районунда жана Ош шаарындагы Г.Айтиев 17 көчөсүндө жайгашкан жайларда мыйзамсыз оюн-зоок оюндарын уюштуруучулар (Бинардык опциондор) аныкталды. Бул тууралуу Финансылык рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган оюн-зоок оюндарын өткөрүүчү жайларга эскертүүлөр берилип, УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгына оюн-зоок оюндарын уюштуруучуларда лицензия жок экендиги тууралуу маалымат жөнөтүлгөн.
“Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө аталган мыйзамсыз оюн-зоок ишинин уюштуруучулары кармалды”, - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.