Жалал-Абадда 19 млн сомго базар курулат

30.07.2021, 17:00 Акчабар
Жалал-Абадда 19 млн сомго базар курулат

Жалал-Абад шаарындагы борбордук базар башка жайга көчүрүлөт. Бул тууралуу “Акчабарга” Жалал-Абад шаардык капитал курулуш башкармалыгынан билдиришти.

Башкармалыктын жетекчиси Арапбай Маматжан уулунун айтымында, эми базар эски тамеки заводдун аймагында жайгашат. Муну менен менен жергиликтүү бийлик шаардагы жол тыгындарын азайтууну көздөп жатат.

Мындан тышкары, азыркы базар жайгашкан аймак өрт коопсуздугунун талаптарына туура келбейт.

Маалым болгондой, кайрадан курулуучу базардын долбоору 19 миллион сомго бааланган. Ал жерде оодагерлер үчүн миңден ашуун орун болот.

Тэги: базар соода курулуш Жалал-Абад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу