Жалал-Абад шаарындагы "Кургак учукка каршы күрөшүү борборуна" жаңы имарат курулууда. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган борбордун жаңы имараты үч кабаттан турат. 96 орунга ылайыкташкан объект ушул жылдын октябрь айында бүткөрүлөт.
“Аталган оорукананын курулушуна 264 млн. сом сарпталат”, - деп айтылат маалыматта.
Курулуш республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарына бөлүнгөн 2 млрд. сомдун эсебинен каржыланат.