Жалал-Абадда 3,5 млн долларга ГЭС курулат

18.08.2021, 17:30 Акчабар
Жалал-Абадда 3,5 млн долларга ГЭС курулат

Жалал-Абад шаарына караган Тоо Кызыл-Суу айылындагы Ничке-Сай суусуна чакан ГЭС курулат. Бул тууралуу "Акчабарга" Жалал-Абад шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
 
ГЭСти Кыргызстандык “Энерджи” компаниясы курат. Ага чет элдик инвесторлор тарабынан 3,5 миллион доллар каражат сарпталат.

Ничке-Сайга курулуучу чакан ГЭС жылына 10 миллион киловатт саат электр энергиясын өндүрөт.

Тоо Кызыл-Суу айылындагы чакан ГЭС ишке кирсе, 10го жакын жергиликтүү тургун туруктуу жумуш орду менен камсыз болуп, жергиликтүү бюджетке социалдык пакет катары жылына 800 миң сомдой каражат түшөөрү айтылды.

Курулуш иштери 2022-жылы башталат, аны бир жыл аралыгында бүтүрүү пландалган.

Тэги: ГЭС Электр энергия Жалал-Абад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу