Капиталдык курулуш башкармалыгы Жалал-Абад шаарына балдардын оюн борборун курууга тендер жарыялады. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, борбор Спутник кичи районунун Тарсус көчөсүн бойлой Нооруз сейил багынын аймагына курулат.
Пландаштырылган сумма 71 млн. 670 миң 64 сом, конкурстук табыштамаларды берүүнүн акыркы мөөнөтү 8-июнга чейин.