Жалал-Абадда 73 млн сомго балдар оюн-зоок борбору курулду

19.04.2024, 16:25 Акчабар
Жалал-Абадда 73 млн сомго балдар оюн-зоок борбору курулду

Жалал-Абад шаарында “Данек” балдар ойноочу муниципалдык оюн-зоок борбору ачылды. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясы билдирди. 

Аталган жай Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун ичинен каржыланып, 73 млн сомдон ашык каражатка салынды. 

Аталган муниципалдык борбор Спутник кичи шаарчасындагы Т. Байзаков атындагы эс алуу багынын аймагында курулду. Мында жаш балдар үчүн бардык шарттар каралган, коопсуздук эрежелери да эске алынган. Кирүү акысы да жеке менчик балдар ойноочу жайлардан бир топ арзан. Тагыраагы, балдардын жаш курагына карап 150 сомдон-280 сомго чейин. Ал эми туулган күнүндө келген балдарга, 1-июнь - Балдарды коргоо күнүнө карата аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарына, 3-декабрь – Ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын эл аралык күнүнө карата да акысыз.

Балдар ойноочу жайды жергиликтүү бийлик өзү иштетет жана мындан түшкөн каражат шаар казынасына түшөт. Мындан болжолдуу жылына 10 млн сомдой киреше түшөрү пландалган.

Тэги: Жала-Абад оюн-зоок балдар аянтчасы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу