Жалал-Абадда ачылган завод саатына 80 тонна асфальт чыгарууда

24.05.2024, 13:10 Акчабар
Жалал-Абадда ачылган завод саатына 80 тонна асфальт чыгарууда

Жалал-Абад шаарында курулган асфальт-бетон заводу иштеп баштады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, завод саатына 80 тонна асфальт чыгарып, өндүрүлгөн асфальт шаар көчөлөрүнө төшөлүүдө.

Эске салсак, 2023-жылы Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд сомдун эсебинен 111,54 млн сомго аталган завод курулуп, 4 даана "Шахман" үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу, 1 даана "Портер" үлгүсүндөгү автоунаа сатып алынган.

Учурда мэриянын Жол башкармалыгынын техникалык базасы чыңдалып, шаар көчөлөрүнө өз күчү менен асфальт төшөп жатат.

Тэги: завод асфальт Жала-Абад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу