Жалал-Абадда беш маршруттук каттамдын ордуна автобустар жүрө баштады. Жергиликтүү муниципалитеттен билдиришкендей, №103, 104, 108, 109 жана 110 маршруттук каттамдардын ишмердүүлүгү токтотулду.
Ал эми калган маршруткалар экинчи этапта каттамдан алынат.
Белгиленгендей, калаа аймагында жүргүнчүлөрдү тейлөөгө автобустар жетиштүү. Алар 8-10 мүнөт аралык менен каттап жатат.