Жалал-Абад шаарынын муниципалдык базарында уй этинин килограммы 400 сомдон сатылып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаарынын мэриясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Орозого карата Жалал-Абад шаарындагы муниципалдык базарда уй этинин баасы төмөндөгөн.
“Аталган базардагы эт саткан соодагерлер арзандатуу Орозо айы бүткөнгө чейин улантылаарын билдиришти”, - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, муниципалдык базарда азык-түлүктөрдү, керектелүүчү тиричилик буюмдарды да арзан баада сатуу уланып жатат. Атап айтканда өсүмдүк майынын 5 литри 530 сом, кумшекер 75 сом, картошка 33 сом, сабиз 30 сом, пияз 45 сомдон сатылууда.
$ млн
Столько составили за полгода доходы от приема иностранных граждан в Кыргызстане