Товарды 405 миң сомго кем декларациялаган факты аныкталды

30.05.2023, 10:17 Акчабар
Товарды 405 миң сомго кем декларациялаган факты аныкталды

Жалал-Абадда бажы төлөмдөрүн төлөөдөн качуу максатында товарларды жалган декларациялоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Бажы кызматынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, 2022-жылдын октябрында "Н.С." ЖЧКсынын дарегине Түркиядан 20 700 кг бадам келген. Бажы органдарына берилген инвойско ылайык, товардын баасы 9 миң 979 долларды түзгөн. Товарлар "Ички керектөө үчүн чыгаруу" бажы жол-жобосу менен чыгарылып, 181 миң 821 сом бажы төлөмдөрү төлөнгөн.

“Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө жүк коштоочу документтеринин маалыматтарын салыштырганда контролдук деңгээлде кармалган товарлардын баасы 17 миң 962 долларды түзгөнү, бажы тариздөөгө төлөнүүгө тийиш болгон бажы төлөмдөрүнүн суммасы 586 миң 960 сомду түзгөнү аныкталган”, - деп айтылат маалыматта. 

Ошентип, төлөнгөн бажы төлөмдөрүнүн айырмасы 405 миң 138 сомду түзөт.

Бул мыйзам бузуу фактысы боюнча материалдар Жалал-Абад облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу