Жалал-Абадда жергиликтүү бюджеттин кирешеси 7%га көбөйдү

05.08.2021, 15:00 Акчабар
Жалал-Абадда жергиликтүү бюджеттин кирешеси 7%га көбөйдү

Жалал-Абад облусунда ушул жылдын алты айында жергиликтүү бюджеттин жалпы кирешелери 649,3 миллион сомду түздү. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн региондорду өнүктүрүү бөлүмү билдирди.
 
Маалым болгондой, финансылык эмес активдерди сатуудан түшкөн кирешени кошкондо, көрсөткүч өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 7%га көбөйгөн.
 
Анын ичинен 98,6 пайызы же 646,7 млн сом операциялык ишмердиктен түшкөн кирешелер болгон. Ошондой эле жеке адамдар төлөгөн киреше салыгы 306,2 миллион сом болуп, жалпы кирешенин 47,1% түзгөн.

Тэги: салык жергиликтүү бюджет актив Жалал-Абад

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу