Жалал-Абаддагы ооруканага 300 млн сомго кошумча имарат курулууда

29.05.2023, 12:56 Акчабар
Жалал-Абаддагы ооруканага 300 млн сомго кошумча имарат курулууда

Жалал-Абад шаарындагы облустук клиникалык оорукананын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнө жаңы имарат курулуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад шаардык мэриясынан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, курулушка 300 млн. сом каражат бөлүнгөн. Облустук оорукананын жаңы корпусу 90 орунга ылайыкташып, ушул жылдын ноябрь айында бүткөрүлөт.

Белгилеп кетсек, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын терапия, сезимтал оорулар жана жасалма бөйрөк бөлүмдөрүнүн имараттары 1958-1960-жылдары курулган. Имараттардын эскилиги жеткендигине байланыштуу соңку жылдары бейтаптар менен дарыгерлерге түйшүк жаратып келген.

Эскертке кетсек, аталган оорукананын курулушу Жалал-Абад шаарына республикалык бюджеттен бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу