Жалал-Абаддагы Токтогул паркы 23 млн сомго оңдолууда

06.06.2023, 15:35 Акчабар
Жалал-Абаддагы Токтогул паркы 23 млн сомго оңдолууда

Жалал-Абад шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы эс алуу паркы реконструкцияланып жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынан билдиришти. 

Учурда парктын ичиндеги жолдорго таштаман (брусчатка) төшөөгө даярдык иштери жүрүүдө. Мындан сырткары, паркка келген жарандар үчүн кооптуулук жараткан куурап калган дарактар мэриянын Көрктөндүрүү жана жашылдандыруу чарбасынын кызматкерлери тарабынан алынууда. 

“Аталган парктагы тротуарлар, отургучтар толугу менен жаңыланып, оргумалар (фонтандар) оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, жарыктандыруу жана көрктөндүрүү иштери жүргүзүлөт. Паркты реконструкциялоого 23 млн. сом сарпталат. Курулуш Жалал-Абад облустук өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланууда”, - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, аталган парк 1960-жылдары негизделген. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу