Чет элдиктерге жарандыкты 100 миң долларга берүү сунушталды

13.09.2023, 16:35 Акчабар
Чет элдиктерге жарандыкты 100 миң долларга берүү сунушталды

Чет элдиктер Кыргызстандын паспортун 1 миң долларга алып кетүүдө. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Эмил Жамгырчиев билдирди.

Жыйында депутат президент менен өкмөттүн парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылып, Кыргызстандын жарандыгын алган башка өлкөнүн атуулдары чет жерде Кыргызстандын кадыр-баркына доо кетирип, анын айынан чек араларда кыргызстандыктар катуу текшерилип, кыйынчылык тартып жатканын айтты.

“Азыр Кыргызстандын паспорту менен чек арадан өтсөң, өтө дыкат текшерип, андан кийин гана тоскоолдук менен өткөрүп жатышат. Биздин мамлекеттин аброюна шек келтирип жатышат. Мисалы Түркияга 380 миң доллар инвестиция жасасаң гана жарандыгын берчү. Азыр 500 миң доллар кылыптыр. Дубайдыкы 1 млн доллар. Бизде болсо болгону 1 миң долларга паспортту алып жатышат. Жок дегенде 100 миң долларга алышсын: 100 миң долларга имарат болобу, батир алабы, калыстык үчүн бир салым кошуп туруп алыш керек. Биз өмүр бою бул жакта жашап жүрөбүз, жок дегенде соцпакет төлөйбүз. Башка жарандар келип, 3 күндө тез убакытта (паспорт) алып жатышат. Андай болбойт”, - деди ал.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу