Акылбек Жапаров банк жетекчилери менен жолугушту

22.10.2021, 15:10 Акчабар
Акылбек Жапаров банк жетекчилери менен жолугушту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн коммерциялык банктарынын жетекчилери менен өткөн бизнес-ланчка катышты. Минкабдын басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун негизги темасы накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүн жогорулатуу болду.

Жапаров белгилегендей, экономиканы көмүскөдөн алып чыгуу үчүн ачык-айкындуулук керек.

"Эң алдыңкы технологиялар ар дайым банктарда болгон. Биз накталай эмес эсептешүүлөрдү жогорулатууну стимулдаштыруу иши Министрлер кабинетинин карамагында болуусун каалайт элек. Алсак, Казакстан Республикасында салыктарды чогултуу банктардын биринин телефондогу тиркемесине жараша жогорулаган. Анда адамдар базардагы азык-түлүктөр үчүн да ал тиркеме аркылуу эсептеше баштады. Банктар жаңы технологияларды киргизүүдө жардам берет деп ишенем", - деди Акылбек Жапаров.

Акылбек Жапаров ошондой эле Министрлер кабинети банктардын пикирин жана сунуштарын эске алуу менен накталай эмес эсептешүүлөрдү жогорулатуу боюнча чараларды кабыл алат деп билдирди.

Тэги: банк минкаб Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу