Жапаров: Баткенде милициянын инспекторунун маянасы 80 миң сом

04.01.2024, 10:20 Акчабар
Жапаров: Баткенде милициянын инспекторунун маянасы 80 миң сом

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ички иштер министрлигине техникаларды тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Ички иштер министрлигине 66 техника тапшырылды. Акыркы эки жылда республика боюнча ички иштер органдарында 42ден ашуун жаңы имарат курулган жана 200гө жакын имарат оңдоодон өткөрүлгөн. 

“Ар бир милиция бөлүмдөрүндө атайын камералар орнотулган. Санариптештирүүнүн алкагында жарандардын коопсуздугун камсыздоо максатында республикалык бюджеттен 800 даана сервердик жабдыктар, видеорегистраторлор, планшеттер, 1200 даана төш-камералар алынган. Ар бир райондук, шаардык ички иштер бөлүмдөрүндө унаалар жаңыланып, милициянын 59 көчмө кабыл алуу пункттары иштеп жатат. Ички иштер органдарынын кызматкерлеринин айлык акысы бир топ жогорулатылды. Алсак, 2019-жылы милициянын катардагы инспектору 24 миң сом алса, азыр 45 миң сом алат. Баткенде милициянын катардагы инспектору 2019-жылы 24 миң сом алса, азыр 80 миң сомдой алат”, - деп белгиледи Акылбек Жапаров.

 

Тэги: ички иштер министри Акылбек Жапаров инспектор айлык маяна атайын техника

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу