Жапаров ЕРӨБ менен «жашыл экономика» чөйрөсүндөгү долбоорлорду талкуулады

15.04.2022, 09:24 Акчабар
Жапаров ЕРӨБ менен «жашыл экономика» чөйрөсүндөгү долбоорлорду талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азиядагы башкаруучу директору Жужанна Харгитай менен жолугушуп, тараптар өз ара аракеттенүүнүн жана эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Жапаров министрлер кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды белгилеп, республика үчүн узак мөөнөттүү стратегиялык артыкчылык катары «жашыл экономиканы» өнүктүрүү, ресурстук жана энергетикалык үнөмдөө, энергиянын альтернативдүү жана жаңылануучу булактарын пайдалануу, өлкөнүн глобалдык жылуулуктун кесепеттерин алдын алуу боюнча эл аралык аракеттерге кошкон салымы эсептелерин кошумчалады.

Жолугушууда тараптар кызматташуунун приоритеттүү багыттарын, атап айтканда ирригация, айыл чарба жана энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну талкуулашты.

Тараптар мурда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга даярдыгын билдирди. Финансы институтунун өкүлү республикага агробизнести өнүктүрүү, күн жана шамал электр станцияларын куруу боюнча долбоорлорго консультативдик колдоо көрсөтүүгө даярдыгын билдирди.

Тэги: ЕРӨБ  жашыл экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу