Жапаров Евразия өнүктүрүү фонду менен келечектеги долбоорлорду талкуулады

29.03.2023, 12:21 Акчабар
Жапаров Евразия өнүктүрүү фонду менен келечектеги долбоорлорду талкуулады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун Долбоорлор блогунун аткаруучу директору Андрей Широковду кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн расмий сайтында маалымдалды.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар экономика, айыл чарба, энергетика, транспорт жана саламаттыкты сактоо тармагындагы кызматташууну талкуулашты. 

“Бүгүнкү күндө Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду экономиканы туруктуу өнүктүрүүдө бүткүл евразиялык мейкиндиктин өлкөлөрүнүн ишенимдүү өнөктөшү болуп калды”, - деди Акылбек Жапаров. 

Өз кезегинде Андрей Широков Кыргыз Республикасында Фонддун колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоорлор, анын ичинде энергетикалык ресурстарды өнүктүрүүгө, билим берүүгө жана медициналык мекемелердин техникалык жактан жабдылышын жакшыртууга багытталган долбоорлорго токтолду. 

Белгилеп кетсек, Андрей Широков Бишкекке Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын 24-жыйынына катышуу үчүн келген.

Тэги: новости Кыргызстана Акылбек Жапаров Евразийский фонд развития

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу