Жапаров Ош – Баткен – Исфана жолун реабилитациялоо иши менен таанышты

21.02.2022, 14:20 Акчабар
Жапаров Ош – Баткен – Исфана жолун реабилитациялоо иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Баткен облусуна жумушчу сапарынын жүрүшүндө Ош-Баткен-Исфана жолундагы Ош - Ноокат - Баткен (28-75км) тилкесин реабилитациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Табылды Тиллаев белгилегендей, Ош-Ноокат-Баткен унаа жолу эл аралык маанидеги жол гана эмес, Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү үчүн маанилүү орунда турган транспорттук артерия болуп эсептелет.

Аталган объектинин курулушунун донору Жапония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA).

Жолду реабилитациялоо долбоорунун наркы 133,58 млн долларды түзөт, анын 50 млн доллары 28-75-чакырым жолду курууга жумшалат.

Белгилей кетсек, кредиттин калган бөлүгү жумшалуучу долбоорду ишке ашыруунун экинчи компоненти катары Бишкек-Ош жолунда жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу (таш кулоодон коргоочу курулушту куруу, көчкүдөн сактоочу дубалдарды куруу, тоннелдерди жана көпүрөлөрдү куруу) болуп саналат.

Министрлер кабинетинин төрагасы белгилегендей, тендерди жакын арада жарыялоо зарыл, ал эми долбоорду ишке ашырууга ата мекендик компаниялар да тартылышы керек.

Тэги: жол курулуш минкаб Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу