Азыр Кыргызстан өзүнүн өнүгүүсүнүн кийинки этабына активдүү өтүп жатат, анда өлкөнүн калкынын 50%ын жаштар түзөт. Бул тууралуу Креативдүү өнөр жай паркынын расмий ачылышынын салтанаттуу аземинде Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров билдирди.
Ал креатив прогресстин кыймылдаткычы экенин белгиледи.
”Креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясы бекитилди, “Креативдүү индустрия паркы жөнүндө” мыйзам кабыл алынды, Салык кодексине жана башка ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилди. Ушул күндөн тартып биз Кыргызстандын аймактарынан гана эмес, дүйнөнүн булуң-бурчунан таланттуу, креативдүү, идеяларга жана энергияга толгон жаратуучуларды бириктире турган Креативдүү индустриялар паркын ишке киргизүү менен байланышкан Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн келечектүү этабын баштайбыз”, — деди Жапаров.
Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле дүйнөнүн бардык өлкөлөрүнөн келген жаратмандарды Кыргызстандагы Чыгармачылык индустрия паркынын бир бөлүгү болууга чакырды.