Жапаров тышкы карызды төлөөнүн эң көп бөлүгү жакындап калганын айтты

29.09.2022, 14:31 Акчабар
Жапаров тышкы карызды төлөөнүн эң көп бөлүгү жакындап калганын айтты

"Тышкы карызды төлөөнүн эң чоң бөлүгү жакындап калды. Ал эми мамлекеттин бардык социалдык милдеттенмелери толугу менен аткарылып жатат", - деди 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоорун талкуулоо боюнча жыйында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров.

Жыйын 28-сентябрда мамлекеттик органдардын жетекчилеринин катышуусунда өттү. Анда Акылбек Жапаров эл аралык уюмдардын ички дүң продукциянын өсүшүнө карата терс божомолдору жүзөгө ашпай калганын белгиледи.

Анын айтымында, укук коргоо, маданият жана соцкызматкерлердин эмгек акысы жогорулап, 1-октябрдан тарта пенсиялар көтөрүлөт.

“Борбор калаада тогуз орто мектеп пайдаланууга берилди, жакынкы аралыкта дагы алты мектеп пайдаланууга берилет. Бардык тилкелерде иш жигердүү жана жемиштүү жүргүзүлүп жатат. Келерки жылы консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 миллиард сомго жеткирүүнү пландап жатабыз”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, дүйнөлүк экономиканын төмөндөшү менен катар дүйнөлүк инфляция да жогору бойдон калууда.

“Азык-түлүк коопсуздугун камсыздооүчүнбиз Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун кампаларын керектүүкөлөмдөгүэңкеректүүпродукция менен толтурдук. Экономиканын тармактарын 2022-2023-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча иштер жүрүп жатат. Балыкчы-Кара-Кече темир жолунун курулушу башталды”, - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.

Муну менен бирге, 2022-жылга пландалган 404 миллиард сом консолидацияланган бюджетти ашыгы менен аткаруу пландалып жатканын кошумчалады.

Андан кийин Каржы министри Алмаз Бакетаев 2023-2025-жылдарга бюджеттин долбоору менен тааныштырды.

Ал белгилегендей, 2023-жылга консолидацияланган бюджеттин көлөмүн 500 миллиард сом деп белгилөө пландалууда.

Кеңири талкуудан кийин сунушталган бюджеттин долбоору жактырылды.

Жолугушуунун жыйынтыгында Акылбек Жапаров, учурда Министрлер кабинетинин биринчи кезектеги милдети Тажикстандын аскердик агрессиясынын натыйжасында кыйраган Баткен облусун калыбына келтирүү болуп саналарын белгиледи.

"Буга чейин  өлкөнүн өнүгүшүнөжана реформаларды ишке ашырууга тоскоол болгон негизги себеп каржылык каатчылык жана казынадагы каражаттардын жетишсиздиги болчу. Азыр абал таптакыр тескери. Биз Баткен облусунда талкалангандарды калыбына келтиребиз жана бардык башталган реформаларды ишке ашырууну улантабыз. Болгону биздин команданын, элдин биримдиги жана ынтымагы керек”,- деп айтылат маалыматта.

Тэги: Акылбек Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу