Жапаров: Улуттук банктын алдында баалардын туруктуулугун сактоо милдети турат

11.03.2022, 16:21 Акчабар
Жапаров: Улуттук банктын алдында баалардын туруктуулугун сактоо милдети турат

Улуттук банктын алдында тийиштүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо боюнча жооптуу милдет турат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Улуттук банкынын түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган иш-чарада билдирди.

Министрлер кабинетинин төрагасы финансы-кредиттик мекеменин кызматкерлеринин өз ишин берилгендик менен аткаруусу өлкөнүн финансы рыногунун ырааттуу өнүгүү процессин сактоого олуттуу салым кошкондугун белгиледи.

Жапаров кошумчалагандай, 2026-жылга чейин өлкөнү өнүктүрүүнүн Улуттук программасына ылайык, финансы рыногун өнүктүрүү маанилүү багыттардын бири болуп саналат.

«Бул - фондулук рыноктогу процесстерди жана кызматтарды санариптештирүү, финансылык маркетплейсти ишке киргизүү, мамлекеттик банктарды кошумча капиталдаштыруу, ошондой эле санариптик технологияларды өнүктүрүү жаатында актуалдуу саналган санариптик сомду тестирлөө», - деди ал.

Жапаров белгилегендей, учурда орун алган геосаясий абалда тышкы финансылык рыноктордо Кыргызстандын соода-экономикалык өнөктөштөрү саналган өлкөлөрдүн валюталарынын курсунун жогорку туруксуздугу байкалууда.

«Улуттук банктын алдында тийиштүү акча-кредит саясатын жүргүзүү аркылуу баалардын туруктуулугун сактоо боюнча жооптуу милдет турат. Бул жагдай Улуттук банктын улуттук валютанын сатып алуу жөндөмдүүлүгүн сактоо, финансы-банк тутумунун туруктуулугун камсыздоо, ошондой эле калктын финансылык институттарга болгон ишенимин сактоо боюнча ишти уланта турган финансылык институт катары маанилүүлүгүн көрсөтүп турат», - деп жыйынтыктады Жапаров жана банктын ар бир кызматкеринин аталган ишти аткаруудагы жоопкерчилигин белгиледи.

Тэги: Министрлер кабинетинин төрагасы КР Улуттук банкы акча-кредит саясат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу