Жапаров жер басып алууга каршы жарлыкка кол койду

11.04.2022, 09:00 Акчабар
Жапаров жер басып алууга каршы жарлыкка кол койду

Президент Садыр Жапаров "Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Соңку жылдары министрлер кабинети, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алууга жана жалпысынан жер участокторун бөлүп берүүгө байланышкан кырдаалды тартипке келтирүү жана укуктук жөнгө салуу боюнча бир катар чараларды кабыл алды.

Бирок мамлекеттик органдар жүргүзүп жаткан ишке карабастан Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу менен жер участокторун, анын ичинде жеке турак жай куруу үчүн айыл чарба багытындагы жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу, ошондой эле өзүнө бөлүнүп берилген жер участокторун көчөлөрдүн, бак-дарак тигилген жерлердин, үйлөргө жанаша жайгашкан аймактардын эсебинен өзүм билемдик менен кеңейтип алуу уланууда, уюмдар, мекемелер жана ишканалар жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууда.

Негизсиз, өзү билип тосуп алуу аркылуу өзүнүн участогунун жерге укукту ырастоочу документтерде белгиленген мыйзамдуу чегин кеңейтүүгө умтулган менчик ээсинин же ижарачынын аракеттери, жалпы пайдалануудагы жерлерде же жалпы үлүштүк менчик укугунда көп батирлүү үйлөрдөгү жайлардын менчик ээлерине таандык болгон жер участокторунда мыйзамсыз автопарковкаларды (автомобиль токтоочу жайларды) кылуу, гараждарды, күркөлөрдү, дүкөнчөлөрдү (стационардык эмес объекттерди) жайгаштыруу, тосмолорду коюу жана башкалар жер участокторун өзүм билемдик менен ээлеп алуунун кеңири жайылган учурлары болуп эсептелет, - деп айтылат маалыматта.

Республиканын аймагында жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууну алдын алуу жана болтурбоо, мыйзамдуулукту жана укук тартибин сактоо, жерди табигый объект, Кыргыз Республикасынын элинин жашоо-тиричилигинин, өнүгүүсүнүн жана ишмердүүлүгүнүн негиздери катары коргоо, ошондой эле жер участокторунун менчик ээлеринин жана жерди пайдалануучулардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 16, 66, 71-беренелерине ылайык токтом кылынат:

1. Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары, шаарлардын мэрлери, айыл өкмөттөрүнүн башчылары укук коргоо органдары жана жер жана суу мыйзамдарын сактоо маселелери боюнча көзөмөлдөө жана контролдоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен биргеликте:

  • жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралардын комплексин иштеп чыксын жана кабыл алсын;
  • жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алууга жол берилбестиги жөнүндө жана мындай укукка каршы аракеттер үчүн жарандык, административдик жана кылмыш-жаза жоопкерчилиги жөнүндө жарандардын арасында түшүндүрүү иштерин системалуу түрдө жүргүзүп турсун;
  • жер участокторун, чектеринин жайгашуусу жөнүндө маалыматтары кыймылсыз мүлктүн мамлекеттик кадастрына киргизилбеген капиталдык курулуш объекттеринин, курулмаларынын участокторун ээлеп алууну болтурбоо максатында жер участокторунун чектерин белгилөө боюнча жеринде кадастрдык иштерди жүргүзсүн;
  • айыл чарба өндүрүшү үчүн жерди пайдалануучуларга бөлүнүп берилүүчү жер участокторунун, ошондой эле менчик ээлери тарабынан айыл чарба багытындагы жерлердин сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланылышына контролду күчөтсүн.

2. Ички иштер министрлиги:

  • коомдук укуктук тартипти камсыз кылуу жана жерлерди өзүм билемдик менен ээлеп алуу фактыларын табуу жана болтурбоо, укук бузгандарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген жоопкерчиликке тартуу боюнча толук чараларды көрүү боюнча иштерди күчөтсүн;
  • мамлекеттик, муниципалдык жана жеке менчикте турган жер участокторун мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын ыкчам карасын жана мындай укукка каршы аракеттерге тиешеси бар адамдар менен профилактикалык ишти активдештирсин.
  • Министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги бөлүнүп берилген же бекитилип берилген жер участогун жарандар же юридикалык жактар өзүм билемдик менен кеңейтип алган фактыларды Укук бузуулар жөнүндө жана Граждандык кодекске ылайык ыкчам карасын.

Тэги: жер мыйзам жарлык Жапаров

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу