Жапония ирригациялык каналдарды жакшыртууга 7 млн доллар бөлөт

04.03.2024, 13:53 Акчабар
Жапония ирригациялык каналдарды жакшыртууга 7 млн доллар бөлөт

Жапония Кыргызстанга ирригацияны жакшыртуу үчүн 1 млрд 87 млн жапон иенинде (7,2 млн долларга барабар) грант берет. Тиешелүү келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүктүрүү боюнча комитети биринчи окууда жактырды.

Грант берилген “Сугат каналдарын тейлөө үчүн жабдууларды жакшыртуу” долбоору Суу чарба кызматынын жер казуучу жана башка техникалардын жеткиликтүүлүгүн жакшыртууга багытталган. Тактап айтканда, Жапониянын JICA эл аралык кызматташуу агенттиги Кыргызстанга 1 млрд 87 млн жапон иенине экскаваторлорду, жүктөгүчтөрдү, бульдозерлерди, самосвалдарды жана жүк ташуучу тралдарды сатып алат, бул 7,2 млн доллардан бир аз ашат. Жети аймакка жалпысынан 44 техника берилет. 

Алар аймактар ​​арасында кандай бөлүштүрүлөөрүн жапон тарап чечет. Ал эми бул үчүн алар Кыргызстанга долбоордун консультантын жөнөтүшөт, анын кызматы да Жапония тарабынан төлөнөт. 

 

Тэги: ирригация Жапония грант

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу