Жапония Кыргызстандын мамлекеттик кызматкерлерин өз университеттеринде окутууга 2,3 млн. доллар бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары Алмаз Аттокуров билдирди.
Анын айтымында, Жапония 324 млн. иен, же болжол менен 200 млн. сом, же 2 миллион 300 миң доллар өлчөмүндө грант бөлөт.
“2024-2026-жылдарга долбоордун алкагында 20 мамлекеттик кызматкерди Жапониянын ЖОЖдоруна окууга жөнөтүү пландалууда. Анын он тогузу магистратурага, бирөөсү докторантурага”, - деди Аттокуров.