Жапония Кыргызстанга 278,3 миң доллар грант берди

19.01.2023, 14:41 Акчабар
Жапония Кыргызстанга 278,3 миң доллар грант берди

Жапония Кыргызстанга төрт социалдык долбоорду ишке ашыруу үчүн 278 миң 279 АКШ доллары өлчөмүндө грант бөлдү. Бул тууралуу Жапониянын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 18-январда Бишкекте акысыз каржылоо боюнча гранттык келишимдерге кол коюлду. Бөлүнгөн каражаттар төмөнкү долбоорлорго багытталат:

  • Талас шаарындагы №4 мектепке жаңы окуу такталары алынып, дааратканалар курулат. Бул максаттарга 48 миң 988 АКШ доллары каралган. Каражат Талас шаардык мэриясынын балансына которулат;
  • Нарын шаарындагы үч бала бакчанын эски терезе-эшиктери жаңысына алмаштырылат. Долбоорго №2 “Чебурашка”, №14 “Алтын балалык” жана №15 “Бактылуу балалык” мектепке чейинки билим берүү мекемелери катышууда. Аларды оңдоп-түзөөгө 75 миң 19 доллар бөлүнөт. Акча Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн балансына которулат; 
  • “Плюс” коомдук фондуна 56 миң 112 доллар бөлүнөт. Бул суммага Брайл арибинде басып чыгаруу үчүн принтер сатылып алынат. Ушул эле акчага китеп басуучу, кагаз кесүүчү жана лактоочу станок да алынат;
  • Талас районундагы Покровка аралаш социалдык стационардык психоневрологиялык мекемеге жалпы суммасы 98 миң 160 долларга УЗИ терапия аппараты, стоматологиялык бөлүм, кир жуугуч машина, “Тойота” медициналык-кызматтык унаасы жана башка жабдуулар берилет.

Гранттык келишимдерге кол коюуга Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов жана Талас, Нарын шаарларынын мэрияларынын өкүлдөрү катышты. 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу