Жапония расмий түрдө 65 жана андан улуу жаштагы эли көп, дүйнөдөгү эң улгайган калктуу өлкө. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюму билдирди.
Маалыматка ылайык, өлкөнүн 125 млн калкынын 29,1% 65 жана андан улуу жашта.
“Карылардын жумуштуулук деңгээли негизги экономикадагы эң жогорку көрсөткүчтөрдүн бири болуп саналат. Өлкөдө 65 жана андан улуу жаштагы жумушчулар улуттук жумушчу күчүнүн 13%дан ашыгын түзөт”.
Анткен менен Жапония карыган калкын кантип камсыз кылуу маселеси менен көптөн бери күрөшүп келет.
Эскерте кетсек, 15-сентябрда кыргыз-жапон бизнес форумунда Ниигата префектурасынын экономикалык комиссиясынын башчысы Кияма Коу өлкөдөгү кадр тартыштыгы маселесин билдирген. Мындан улам, кыргызстандык квалификациялуу адистерди Жапонияга жумушка тартуу маселеси козголгон.
Жапонияда азыр төрөт кескин төмөндөп, карылыктын жогорку деңгээли байкалып жатканы белгиленген.
Белгилеп кетсек, Кыргызстандын Жапония менен болгон соода жүгүртүүсү 117 млн долларды түзөт.
млрд сомов
Так изменится госдолг Кыргызстана, если доллар вырастет на 5 сомов.