Жарандарга жеңилдетилген шартта лизинг берилиши мүмкүн

16.05.2023, 09:31 Акчабар
Жарандарга жеңилдетилген шартта лизинг берилиши мүмкүн

Парламенттин Бюджет, экономика жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстандын “Финансылык ижара (лизинг) жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, жактырылды. 

Мыйзам долбоору өлкөдө лизингди өнүктүрүү максатында иштелип чыккан. Демилгечи депутаттар Арсланбек Малиев жана Айбек Маткеримов.  

"Мыйзам долбоору жеке жактарга лизингге унаа жана мото-транспорт алууга мүмкүнчүлүк түзүп, каржылык тейлөөнү кеңейтет. Ошондой эле, тейлөө көрсөтүүчү компанияларды ачуу, камсыздандырууну жакшыртуу максатын көздөйт". 

Демилгечилердин айтымында, жеке жактарга лизинг берүүдө бир нече артыкчылыктар каралууда. Алсак, лизинг алууда кошумча күрөө коюлбайт, узак мөөнөттүү каржылоо болот. Унаа-кредит же керектөөчү кредиттен айырмаланып, пайыздык чени да төмөн болот. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу