Жашоо минимуму Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарында эң жогорку көрсөткүчкө жеткен

18.01.2022, 16:42 Акчабар
Жашоо минимуму Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарында эң жогорку көрсөткүчкө жеткен

Кыргызстанда 2021-жылда жашоо минимумунун көлөмү 6 268,31 сомду түздү жана өткөн жылдын тиешелүү мезгилине салыштырганда 17 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинен маалымдашты.

Былтыр жашоо минимумунун эң жогорку өлчөмү Жалал-Абад облусунда, Ош жана Бишкек шаарларында белгиленди. Ошол эле учурда, 2020-жылга салыштырмалуу жашоо минимумунун эң чоң өсүшү Ош шаарында (19,1 пайызга), Баткен оюлусунда (18,1 пайызга) белгиленди.

Аймактар боюнча жашоо минимуму
(орто эсеп менен киши башына, айына сом менен)

Белгилей кетсек, өкмөттүнүн 2009-жылдын 6-ноябрындагы токтому менен бекитилген жашоо минимумунун түзүмүнө  ылайык, азык-түлүк товарларынын үлүшү 65 пайызды, азык-түлүк эмес товарлар - 16 пайызды, кызмат көрсөтүүлөр - 17 пайызды жана салыктар - 2 пайызды түзөт. Азык-түлүк корзинасынын  энергетикалык баалуулугу 2101 ккал түзөт, ал эми анын химиялык курамы 73 грамм белокторду жана 71 грамм майларды камтыйт.

Тэги: Улуттук статистика комитети жашоо минимуму

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу