Бишкектеги жаңы конуштарга газ берүү үчүн 4 миллиард сом керек. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында “Газпром Кыргызстан” ишканасынын өкүлү Арзымат Алдаяров билдирди.
Маалыматка ылайык, учурда 19 миң турак-жайдын, тагыраагы 14 жаңы конуштун газы жок. Быйыл 5 жаңы конушка газ киргизүү пландалууда.
“Учурда биз мэрия менен жаңы конуштарга газ берүү боюнча жол картасын түзүп жатабыз”, - дейт Арзымат Алдаяров.