Жаңы окуу жылына карата Бишкекте 16 мектеп курулат

05.04.2022, 12:10 Акчабар
Жаңы окуу жылына карата Бишкекте 16 мектеп курулат

Жаңы окуу жылына карата Бишкек шаарында 16 мектепти куруу пландалууда. Бул тууралуу 24.kg борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыровго таянып жазды.

Маалыматка ылайык, учурда кыргыз бийлиги социалдык объектилерди тендерсиз курууга уруксат берүүнү көздөп жатат. Маселе ЖКда каралууда.

“Мындай норма кабыл алынса, курулуштун мөөнөтү кыскарат”, - деди мэр.

Эмилбек Абдыкадыров учурда жети мектеп курула баштаганын кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин мэрия президент Садыр Жапаровдун жана министрлер кабинетинин колдоосу менен шаарда 16 мектепти куруу, анын ичинде учурдагы имараттарды кеңейтүү пландалып жатканын маалымдаган. Буга каражат республикалык бюджетте каралган.

Тэги: курулуш мектеп мэр

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу