Жаңы жылдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып салуу токтому күчүндө

13.12.2023, 09:00 Акчабар
Жаңы жылдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып салуу токтому күчүндө

Министрлер кабинетинин 1-январдан тарта ОСАГО полиси жокторго айып салуу токтому күчүндө.

Каржы рыногун жөнгө салуу мамлекеттик кызматынан билдиришкендей, чет элдик жарандарга жана юридикалык жактарга апрелде айып салына баштаган, ал эми катардагы айдоочуларга административдик жаза киргизүү 2024-жылга жылдырылган.

Анын ортосунда жаңы жылдан тарта патент системасы жокко чыгарыла тургандыктан, Экономика министрлиги жарандарга айып салууну кийинки жылдын июль айына калтырууну сунуштаган.

Бирок кийин президент патенттерди дагы жарым жылга узартты. Муну менен ОСАГО боюнча токтомго өзгөртүү киргизилген жок. Тагыраагы, полиси жок жарандарга 1-январдан тарта айып салуу чечими күчүндө.

Тэги: ОСАГО полис токтом Айып пул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу