Жеке жактар үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу 1-апрелде аяктайт. Мамлекеттик салык кызматы документти мөөнөтүнөн калбай толтурууну эскертет.
Былтыркы жылдагы кирешелери жөнүндө отчетторду мамлекеттик кызматкерлер, жеке ишкерлер, ошондой эле дыйкан жана фермердик чарбалар тапшырышы керек.