Быйылкы жылдын 1-январына карата жумуш издеп мамлекеттик иш менен камсыз кылуу кызматында каттоодо турган жумушсуздардын саны 98,8 миң адамды түздү, бул 2022-жылдын ушул эле датасына салыштырмалуу 0,6%га аз. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.
Ведомствонун маалыматына караганда катталган жумушсуздардын саны 74,7 миң адамга же 1,7%га азайган.
Катталган жумушсуздардын жалпы санынын 44,3%ы аялдар. Жалпы жумушчу күчүндө катталган жумушсуздуктун деңгээли 2,8 пайызды түздү.