Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин 2024-жылдын биринчи чейрегинде аткарган иштердин ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарган коллегиялык отуруму болду. Иш чара Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаевдин жетекчилиги алдында өттү.
Маалыматка ылайык, 2024-жылга жаздык үрөндөр менен камсыздоо кылкандуу дан эгиндери боюнча керектөө 67,2 миң тоннаны түзсө, 62,1 миң тонна, же 92,3 пайызга камсыздалды.
"Анын ичинен буудай үрөнү 22,9 миң тонна керектелсе, 20,4 миң тонна топтолуп, камсыздоо 88,8 пайызга аткарылган. Арпа 44,2 миң тонна керектелсе, 41,6 миң тонна топтолуп, камсыздоо 94,1 пайызга аткарылган", - деп айтылат маалыматта.
Быйылкы жылдын 1-апрелине карата республикага бардыгы болуп 45,2 миң тонна жер семирткичтер ташылып келинген. Жер семирткичтерге болгон баалардын наркы 25-38 сомдун тегерегинде болууда.