Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады

11.04.2022, 15:00 Акчабар
Жергиликтүү кеңештерди шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады

Кечээ өткөн үч шаардык жана 13 айылдык кеңештердин депутаттарын шайлоодо шайлоо участокторунда добуш берүүнүн жыйынтыктарын кол менен саноо аяктады. БШКдан билдиришкендей, УШКлардын добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу протоколдору ж.б. шайлоо документтери участкалык комиссиялар тарабынан аймактык  шайлоо комиссияларына жеткирилип, акт боюнча өткөрүлүп берилди.

Добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу УШКлардын чечимдерин даттануунун мөөнөтү – 3 күн, даттануулар аймактык  шайлоо комиссияларына берилет.

Аймактык  шайлоо комиссиялары УШКлардан түшкөн протоколдордун негизинде жалпысынан кеңештин аймагында добуш берүүнүн жыйынтыктарын чыгарып, кеңеш боюнча депутаттарды шайлоонун натыйжаларын аныктайт.

Чечимдерди кабыл алууда шайлоо комиссиялары шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндөгү мыйзам бузуулар жөнүндө келип түшкөн бардык даттанууларды кароого милдеттүү. АШКнын чечимдери үч күндүн ичинде БШКга даттандырылат.

БШК расмий жыйынтыкты 30-апрелден кечиктирбестен жарыялашы керек. Бирок бардык даттануулар каралып, соттук териштирүүлөр аяктагандан кийин.

Эске салсак, 10-апрелде Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жана 13 аймакта жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо өттү.

Тэги: Шайлоо БШК

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу