Талас облусунун тургундары өзгөчө коргоого алынган жайыттарды кайтарып берүүнү талап кылууда. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Кубат Кусеинов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бул жайыттар Кара-Буура районунун Көк-Сай айыл өкмөтүнө караштуу колхозго караштуу болуп, кийинчерээк бул аймактар корголуучу аймакка айланган.
“Жергиликтүү тургундардын жайыт жерлери алардын макулдугусуз корголуучу аймакка өткөрүлгөн. Бул маселени кантип чечүүнү билбейбиз. Көптөгөн өлкөлөрдө, анын ичинде кошуна мамлекеттерде жалпы аймактын 30%га чейинкиси корголуучу жаратылыш аймактарына бөлүнгөн. Кыргызстанда болгону өзгөчө корголуучу аймактын пайызы 7,38%. Ал эми №77 токтом менен биз корголуучу жаратылыш аймактарынын пайызын 10го чейин көтөрүшүбүз керек. Бирок мындай көйгөйлөрдөн улам бул иш жүзүндө мүмкүн эмес”, - деди министрдин орун басары.