Парламент калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча насыяны үчүнчү окууда жактырды

08.02.2023, 11:43 Акчабар
Парламент калкка социалдык жардам көрсөтүү боюнча насыяны үчүнчү окууда жактырды

Жогорку Кеӊештин депутаттары 2022-жылдын октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы ортосундагы “Социалдык жардам көрсөтүү программаларын жана эмгек рыногун чыңдоо” долбоору боюнча каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоону үчүнчү окууда жактырды.

Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы Кыргызстанга 50 жылдык нөл пайыздык насыя келишиминин алкагында 30 миллион доллар бөлөт.

Каражаттын негизги бөлүгү “Үй-бүлөгө көмөк” жөлөкпул алган аз камсыз үй-бүлөлөр менен социалдык келишим түзүүгө жумшалат. Мындан тышкары, каражаттын бир бөлүгү кесиптик лицейлердин окуучуларынын стипендиясын төлөөгө сарпталат.

Тэги: новости Кыргызстана новости экономики экономика депутаты кредит

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу