ЖК республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун 3 окууда кабыл алды

29.11.2019, 10:10 Акчабар
ЖК республикалык бюджет жөнүндө мыйзам долбоорлорун 3 окууда кабыл алды

28-ноябрда Жогорку Кеӊеш жыйынында “Кыргыз Республикасынын 2018-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчетту бекитүү тууралуу”, “КР 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу”, “КР 2020-жылга республикалык бюджети жана 2021-2022-жылдарга болжолу жөнүндө” мыйзам долбоорлору каралып, жыйынтыгында мыйзам долбоорлору 3 окууда кабыл алынды.

Жыйын «суроо-жооп» иретинде өтүп, эл өкүлдөрүнүн суроолоруна Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баш болгон Өкмөт мүчөлөрү жооп беришти. Талкуу жүрүшүндө депутаттар өлкө экономикасынын салык жана бажы тармактарына кошумча киреше булактарын табуу, коррупциялык күңүрт схемаларды жоюу боюнча талапты кыйла күчөтүү, көмүскө экономиканы көрүнөө алып чыгуу аракеттерин жандандыруу, айрыкча орто жана чакан бизнес чөйрөсүндө орун алган салыктык жашыруу жосундарына көзөмөлдү күчөтүү, экономикалык кышмыштардын алдын алуу чараларын иштеп чыгуу, бюджеттик каражатты өз багытында сарамжалдуу пайдаланууну арттыруу зарылдыгын белгилешти.

 

 

Тэги: республиканский бюджет документы законопроект

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу