Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабековдун тапшырмасы менен парламенттик Аппараттын Эл аралык байланыштар жана протокол бөлүмү жүргүзгөн сүйлөшүүлөрдүн негизинде Ян Цайпинь айым баштаган Кыргызстандагы кытай ишкерлеринин Ассоциациясы 30 кычкылтек концентраторун берди. Көмөк көрсөткөн ишкерлердин катарында Умар Ашим, Шерали Абдикерим жана Супражим Даават бар.
Ишкерлер менен болгон жолугушууда төрага ушундай оор учурда көрсөткөн көмөгү үчүн Ассоциацияга ыраазычылык билдирди.
Коронавирус илдети менен күрөшүү боюнча Республикалык штабдын көрсөтмөсүнө ылайык аталган кычкылтек концентраторлору муктаж болгон аймактык саламаттыкты сактоо мекемелерине жөнөтүлөт.