Жогорку Кеңеш 2024-жылдын республикалык бюджетин кабыл алды. Документ дароо экинчи жана үчүнчү окууда жактырылды.
Бюджеттин жалпы кирешеси 378 миллиард сомду түзсө, чыгаша 367,5 миллиард сомго жетет.
Дээрлик 11 миллиард сом профицит болушу күтүлүүдө.
Документ президенттин кол коюусуна жөнөтүлдү.