Жогорку Кеңеш ноябрь айында мамлекеттик бюджеттен 74 миллион 337,8 миң сом сарптады. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.
Анын 71,2%ы, же 53 млн 134,6 миң сому эмгек акы төлөөгө кеткен. Жогорку Кеңештин дагы бир олуттуу чыгашаларынын бири товарларды жана кызматтарды сатып алууга жумшалган. Алар бардык чыгашалардын 10,62%ын же 7 млн 897,2 миң сомун түзгөн.
Каржы министрлигинин божомолунда парламенттин ноябрь айындагы чыгашалары 66 миллион 493,3 миң сом деңгээлинде пландаштырылган. Бирок, чыгымдар белгиленген суммадан 11,8%га, башкача айтканда 7,8 млн сомго ашык коротулган.