Жогорку технологиялар паркы бир жылда 7,7 млрд сом киреше тапты

27.02.2024, 15:30 Акчабар
Жогорку технологиялар паркы бир жылда 7,7 млрд сом киреше тапты

Жогорку технологиялар паркы 2023-жылы 7 млрд 757 млн сомдон ашык киреше тапты. Бул тууралуу аталган парктын негиздөөчүсү жана учурдагы жетекчиси Азис Абакиров өзүнүн Фейсбук баракчасына жазды. 

Анын айтымында, былтыр парктын резиденттери 90 млн АКШ долларына экспорт жасаган. Жогорку технологиялар паркында 383 резидент-компания, ал эми 2 миң 417 адис бар. 

“IT секторунун Кыргызстандын экспорттук портфелине кошкон салымы жыл сайын эки эсе өсүүдө. Ар бир адис Кыргызстандын экономикасына 36 миң АКШ долларын алып келет. Мамлекетке төлөм 231 млн сомду түздү”, - дейт парктын жетекчиси Азис Абакиров.  

 

Тэги: жогорку технологиялар паркы киреше

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу