Жол эрежесин бузгандарга айып пул өлчөмү жогорулатылды

27.02.2023, 13:20 Акчабар
Жол эрежесин бузгандарга айып пул өлчөмү жогорулатылды

“Укук бузуулар” жөнүндө кодекске киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, мас абалында унаа айдаган айдоочулардын күбөлүгү бир жылга чейин алынат. Мындай чара 8-марттан тарта күчүнө кирет. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди. 

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр айдоочулардын жоопкерчилигин жогорулатууга жана жол кырсыгынын санын азайтууга багытталган. Ага ылайык:

  • Айдоочулук күбөлүгү жок унаа айдагандар 15000 сом айып пул төлөйт (учурда 5500 сом);
  • Тротуардан айдагандар 5000 сом төлөйт (учурда 3000 сом);
  • Ылдамдыкты 40-60 км/сааттан ашкандыгы үчүн айып пул 7500 сом болот (учурда 5500 сом); 
  • Каршы тилкеге ​​чыгуу 15000 сом болот (учурда 5500 сом);
  • Унаа бейбаштыгы үчүн 15 000 сом төлөнөт (учурда 7500 сом). Кайталап мыйзам бузгандык үчүн 6 айга унааны айдоо укугунан ажыратылат.

"Жыл ичинде 3 же андан көп жол эрежесин бузгандар сынакты кайра тапшырышат", - деп айтылат маалыматта. 

Эгерде мурда айдоочулар 10 миң сомго чейин айып пул менен унаа айдай алышса, азыр бул сумма 3 миң сомго чейин төмөндөдү.

Жасалма номурлар менен унаа айдагандар мурда 15 миң сом айып пул төлөсө, эми 20 миң сом төлөйт. Бул мыйзам бузуу кайталанса, 1 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажыратылат. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу