Жорж Сорос 25 млрд долларлык бизнес-империясын баласына өткөрүп берди

13.06.2023, 17:49 Акчабар
Жорж Сорос 25 млрд долларлык бизнес-империясын баласына өткөрүп берди

Америкалык миллиардер, филантроп Жорж Сорос 25 млрд. долларлык (19,9 млрд. фунт стерлинг) каржылык жана кайрымдуулук империясын башкарууну баласы Алекске өткөрүп берди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты. 

Венгриялык финансист "Wall Street Journal" гезитине берген маегинде, анын уулу бул каражатты алууга татыктуу экенин айткан. 

Кошумчалай кетсек, 92 жаштагы Жорж Сорос АКШнын Демократиялык партиясынын эң ири донорлорунун бири. Ал эми 37 жаштагы тарых факультетин бүтүргөн Алекс беш уулдун төртүнчүсү. 

Белгилеп кетсек, Алекс “Сорос” фондунун Башкармасы инвестициялык комитетиндеги жалгыз үй-бүлө мүчөсү, ал үй-бүлө жана кайрымдуулук фонду үчүн 25 млрд. долларды башкарат.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу