ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу боюнча ЖРТнын жыйынтыгы аптанын аягында белгилүү болот. Бул тууралуу Билим берүүнү жана окутуунун усулдарын баалоо борборунун директору Чынара Батракеева билдирди.
Анын айтымында, тестирлөөнүн катышуучуларына сертификаттар 7-8-декабрда тапшырылат. Жалпысынан ноябрь айынын аягында жалпы республикалык тестирлөөдөн 902 адам өттү.
ЖОЖдорго кышкы кабыл алуу келишимдик негизде гана абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу үчүн жүргүзүлдү.