Жумгалда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча инклюзивдик борбор ачылды

23.06.2023, 17:30 Акчабар
Жумгалда үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу боюнча инклюзивдик борбор ачылды

Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында инклюзивдик борбор ачылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, ачылыш аземге Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев катышты. Инклюзивдик борбор үй-бүлөлүк зомбулуктун алдын алуу жана гендердик колдоо боюнча иштерди жүргүзөт. 

Белгилеп кетсек, министрлик бир нече жылдан бери коомдук пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга 48,0 млн.сом бөлүп, өлкө боюнча коомдук демилгелерди колдоп келет.

“Биз калктын социалдык жактан аярлуу катмарынын жашоо сапатын жогорулатуу үчүн жарандык коом жана жергиликтүү администрациялар менен тыгыз иш алып баруудабыз”, - деди Кудайберген Базарбаев.

 

Кабардар болуңуз! Биздин Telegram каналыбызга жазылыңыз.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу