Жумушчу камсыздандырылбаса иш берүүчү айып пул төлөшү мүмкүн

27.05.2024, 17:11 Акчабар
Жумушчу камсыздандырылбаса иш берүүчү айып пул төлөшү мүмкүн

Кыргызстанда жумушчулар камсыздандырылбаса, иш берүүчүлөргө айып пул салынышы мүмкүн. Мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги демилгеледи. 

Долбоор бүгүн Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде каралды. 

Министрлик Эреже бузуулар жөнүндө кодекске жеке жактарга 3 миң сом, юридикалык жактарга 13 миң сом айып пул кошууну сунуштоодо. 

Эскерте кетсек, милдеттүү камсыздандыруу кызматкердин эмгек (кызматтык) милдеттерин аткаруу учурунда анын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтиргендиги үчүн иш берүүчүнүн жоопкерчилигин мыйзамдык негизде карайт. 

 

Тэги: камсыздандыруу жумушчу иш берүүчү

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу