Жумушту эмне маңыздуу кылат?

27.09.2023, 15:30 Акчабар
Жумушту эмне маңыздуу кылат?

Жумуш биздин жашообуздун маанилүү бөлүгү. Мамлекеттик, же менчик ишкана болсун күнүгө 8 сааттык убактыбызды жумушка арнайбыз. Жумуш бизди бактылуу кылабы? Аны эмне маанилүү жана маңыздуу кылат? 

Баарыбыз жашообуздун маанисин издейбиз, жумуш дагы жашообузда маанилүү экенин билебиз. Изилдөөлөрдө бизди жумушка мотивация кылган нерсе бир гана маяна, сый акы, эмгек шарттары же кайсы бир кызмат эмес, жумуштун маани-маңызы экендиги аныкталган. Демек, биз үчүн жумушубуздун маңыздуулугу да чечүүчү ролду ойнойт. 

Адистер, биз качан гана аткарып жаткан ишибизди маанилүү деп эсептесек, жумушубузду берилгендик менен аткарып, жасаган ишибизге канааттана турганыбызды айтышат. Ал эми жан дүйнөбүзгө жакпаган ишти аткарсак жумуштан кетүүгө даярбыз жана бул өзгөчө жаш жумушчуларга тиешелүү. 

“Harvard Business Review” журналынын изилдөөсүнө ылайык, жумуштагы эң маанилүү нерсе адамдын жумушуна аң-сезимдүү (to be aware) мамилеси. Бул аң-сезимдүүлүк, жумуштун маанисин түшүнүү, эмне жасап, коомго кандай пайда келтирип жатканыңды аңдап билүү болуп саналат.

Адамдар аң-сезимдүү (awareness) абалында ой жүгүртүүгө, көйгөйлөрдү чечүүгө жана чыгармачылыкка бай болушат. 

Аң-сезимдүүлүк, ошондой эле жакшыраак чечим чыгарууга жана өзгөрүүлөргө адаптация болууга көмөктөшөт. Өз кезегинде, бул өзүңдүн жумуштагы маанилүүлүгүңдү сездирип, күнүмдүк жумуш милдеттеринде жана кесиптештер менен болгон мамиледе өзүңдүн баалуулугуңду жана таасириңди байкоого жардам берет. 

Аткарып жаткан ишиңиз сиздин баалуулуктарыңызга төп келиши керек. 

Аң сезимдүү болуу үчүн көңүл коюу (mindfulness) жана концентрацияны адатка айландыруу зарыл.

“Майндфулнесс” адамдын азыркы учурду жашап, каерде жана эмне кылып жатканын аңдап билүүсү.

Бул адат мээбиз менен айлана-чөйрөбүздө эмне болуп жатканын таанып билүүнү жогорулатып, чаржайыт ойлорду төмөндөтөт. Ошондой эле, ал “ийкемдүү ойлонууну” өнүктүрүп, иштин маани маңызын түшүнүүгө жардам берет. 

Бүгүн мен жумушта эмненин маанилүү экенин сездим?

Жумуш учурунда күндөлүк жазуу аң сезимдүүлүк менен иштөөнүн эң жакшы жолу. Ал эми күн соңунда өзүңүзгө “Бүгүн мен жумушта эмненин маанилүү экенин сездим?”, “Эмненин маанилүү экенин байкадым?” деген суроолорго жооп жазуу керек. Жумуш ордунда аң сезимдүүлүктү кесиптештер менен да талкууласаңыз болот. 

Жумушта өзүн бактылуу сезүү жана канааттануу үчүн  мамилелерге көбүрөөк инвестиция салуу керек. Кесиптештер менен баарлашууда аларды активдүү угуп, ыраазычылык билдирүү сиздин кесиптештериңиз менен болгон мамилеңизди чыңдайт. Бул жүрүм-турумдар психологиялык коопсуздук, жайлуулукту камсыздайт. 

Кыргызчалаган Жанара Каденова 

Тэги: жумуш орду кесип мотивация иш

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу